Октябрь орто жалпы билим берүүчү мектеби Чүй облусу. Панфилов району

2. Институционалдык аккредитация

Октябрь жалпы  билим берүү орто мектебинин ѳздүк анализи

  Киришүү

Чүй облусунун Панфилов районундагы Октябрь жалпы  билим бepүү орто мектеби тууралуу жалпы маалымат:

Октябрь жалпы  билим берүү орто мектеби 1965-жылы курулуп башталган.

1966-жылы пайдаланууга берилген жана 8 жылдык мектеп билим берүүгө негизделген.

1987-жылы Октябрь орто мектеби аталган.

2020-2021окуу жылында Октябрь жалпы билим берүү орто мектеби деп аталды.

Мектептин окуп жаткан имаратында 9-класстык бөлмө, мугалимдердин бөлмөсү,ыңгайлаштырылган компьютердик бөлмө, директордун бөлмөсү, окуу завучтардын бөлмөсү,,китепкана, ашкана, спорт зал бар.

Биздин мектептин директорлору:

 

  • Янцин —  (1965-1970)

  • Павлов Владимир Дмитриевич — (1970-1987)

  • Семенов Владислав Леонтьевич  -(1987-1990)

  • Учителева Лариса Леонидовна  -(1990-2001)

  • Джапаров Хантемир Толонбаевич -(2001-2022)

  • Кубатова Назира Муратовна — (24.08.2022-ж бери иштейт)                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                  Директордун аты-жөнү:

  • Кубатова Назира Муратовна 0704792581.

           

               Директордун орун басарлары:

  • Окуу иштери боюнча директордун орун басары:

  • Айдекеева Айчүрөк Бурхановна-– 0554006605.

 

  • Тарбия иштери боюнча директордун орун басары:

  • Алибаев Урматбек Кыдырович- 0704792990.

                                                   

  • Соц.педагог:

  • Алибаев Урматбек Кыдырович –070479299

  • Мектеп коллективинде 24 мугалим эмгектенет.

  • Мектепте 251 окуучу окуйт.

 

Юридикалык адрес:

Октябрь айылы Панфилов району Школьный көчөсү 1

Телефону: 724708

Электрондук дарек: [email protected]

Веб.сайт:  https://sosh-oktybr.mektebim.kg/

 

 

 

 

 

 

 

 

 

БЕКИТЕМИН

Буйрук №____

“____”______2022-ж.

 

 

 

Өзүн өзү баалоо боюнча отчет

Панфилов районунун Октябрь  жалпы  билим берүү орто мектеби

 

ИНСТИТУЦИОНАЛДЫК АККРЕДИТАЦИЯ.

 

  1. МИНИМАЛДЫК ТАЛАПТАРДЫ АТКАРУУНУН АНАЛИЗИ ЖАНА ДАЛИЛДӨӨЛӨРҮ

Өзүн-өзү баалоо үчүн критерийлер

Билим берүү уюмунун өзүн-өзү баалоосу

(өзүн-өзү анализдөө)

Далилдөө базасы

1. Билим берүүнүн сапатын камсыздоо саясаты

1.1Октябрь жалпы  билим берүү орто мектебинин ишмердүүлугү боюнча ички актылар.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

    Мектеп  аккредитациялоо  учурунда актуалдуулугун жоготпогон  төмөнкү  ченемдик  укуктук  актыларды жетекчиликке  алат:

-Устав

-Юридикалык  күбөлүк

-Окутууну жакшыртуунун анализинин ,мониторинг, баалоонун эрежелери.

-Ички тартип эрежелери.

-Этикалык кодекс.

— Мектеп ичиндеги текшеруу(МИТ).

-Ата –энелер комитеттери

-Окуучулардын жетишкендигинин жыйынтыгы

-Усулдук   кеңеш.

-Усулдук  бирикмелер

-Статистикалык отчеттор (ОШ-1, ФОРМА №77)

-Жаш мугалимдер мектеби

-Администрация мучѳлѳрүнүн ишмердүүлүгүнүн эрежелери

-Ɵзүн-ѳзү башкаруу уюмунун эрежелер

 

Мектептин уставы

Күбөлүк

 

Жаны окуу жылынын башталышы жөнүндө буйрук.

УК жөнүнө жобо

УБ жөнүндө жобо

Директор алдындагы кеңешме жөнүндө жобо

Алфавиттик китепти жүрүзүү жөнүндө жобо

Пед кеңеш жөнүндө жобо

Окуучулардын өздүк делолорун толтуруунун жобосу

Ɵзүн-ѳзү башкаруу уюмунунн иш-пландары

Мектептин ички байланыштарынын схемасы

 

1.2  Билим берүү уюмунун бекитилген миссиясынын, кызыкдар тараптардын керектөөлөрүн жана өзүн-өзү баалоонун ар жылдык жыйынтыктарын эске алуу менен иштелип чыккан стратегиялык жана учурдагы пландардын болушу

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

   Мектептин миссиясы:

Жашоодо өз ордун таба билген ар тараптуу өнүккөн инсанды тарбиялоо

Мектептин максаты:

Окуу тарбия процессинде ар тараптан өнүккөн, чыгармачыл, изденген, компетенттүү окуучуларды тарбиялоо үчүн шарттарды түзүү.

Стратегиялык план менен иш алып баруунун максаты:

·         Билим берүү,усулдук иштерди өнүктүрүү.

·         Таланттуу окуучулар менен иш жүргүзүүнү өркүндөтүү

·         Окуучулардын окуу китептери менен камсыз болушу

·         Мектептин инфраструктурасын жакшыртуу, материалдык- техникалык базасын чындоо.                                                   Тарбиялык иштерди өнүктүрүү

·         Энелер мектебин уюштуруу

 МӨП тө жана учурдагы жылдык планда  мектептин миссияс ы, максаты чагылдырылган. Мектепти жана кызыктар тараптарды өзүн-өзү    менен дагы кандай талаптар керек экени эске алынып, МӨП га киргизилген, ал эми толуктоолор  жылдык планга жыл сайын анализделип  киргизилет. Пед.кеңештердин , өндүрүштүк кенешмелердин маселелери талапка ылайык, зарыл деп табылган маселелер менен алмашылып турат.

Билим берүү уюму кызыкдар тараптардын керектөөлөрүнө карата төмөнкү структуралык бөлүктөр менен иш жүргүзөт:

-Педагогикалык курам;

-Тех.персонал;

-Окуучулардын курамы;

-Ата-энелер комитети;

-Коомчулук.

МӨП

Жылдык план

Айлык пландар

Сертификаттар

Жетишкендиктер

1.3Билим берүүнүн сапатын камсыздоо саясатын ишке ашыруу жана жооптуу адамдардын түзүмдөрдүн болушу    Билим берүүнүн сапатын камсыздоо саясатын ишке ашыруу учун  пландалган иштер боюнча мугалимдерге жетиштүү деңгээлде маалымат берилгендиктен,бир багыттуу иш жүргүзүүнүн натыйжасында өз жыйынтыгын берет.

Мугалим,окуучу,ата-эне,коомчулук менен болгон кайтарым байланыш-мектеп администрациясы тарабынан көзөмөлдөнүп турат.

Мектепте аткарылган иш чаралардын  өздүк анализи чыгарылат

Мектепте 4 усулдук бирикме түзүлгөн:

1.1.Так илимдер УБ

2. Табигый илимдер УБ

3.Башталгыч класстар УБ

4.Гуманитардык УБ

 

2.     Мектеп ичиндеги текшерүү (МИТ) түзүлгөн:

1.Мектеп администрациясы

2.УБ нин жетекчилери

3.     Жаш мугалимдер мектеби  түзүлгөн

аларга насаатчы болуп бекитилген мугалимдер көмөк көрсөтүшөт.

 

Бул түзүмдөр төмөнкү иш аракеттерди ишке ашырат:

-Окуу программасынын аткарылышын, сабак берүүнүн  теориялык жана дидактикалык  деңгээлин, окуучулар тарабынан материалдарды өздөштүрүү деңгээлин ж.б. көзөмөлдөө;

-Мугалимге өз убагында жана керектүү практикалык жардам берүү, окуучулар менен иштөөдө  мүмкүн болуучу  каталардын  жана  кемчиликтердин алдын алуу;

-Мугалимдин иш тажрыйбасын  жайылтуу жана алмашуу максатында изилдөө жана жалпылоо;

-Мугалимдин тажрыйбалуу мугалимдерден үйрөнүүсү, өз кругозорун  кеңейтүү жана  педагогикалык  чеберчилигин жогорулатуу;

-Мугалимдин эмгегин объективдүү баалоо ;

МӨП

УБ пландары

Насаатчынын иш планы

МИТ тин планы

 Аткарылган иштердин отчёт-анализи

 

1.4 Персоналдын жана окуучулардын жүрүм-турумунун бекитилген этикалык ченемдеринин болушу, аларды сактоо (билим берүүнүн жана инсандын, маданий көп түрдүүлүктүн баалуулуктарын колдоочу уюштуруучулук маданияттын калыптангандыгы)   Мектеп админстрациясынын позициясынан  мектептин уюштуруу маданиятын  долбоорлоонун  жана калыптандыруунун  формалары бул же тигил  даражада ченемдик укуктук актылардын  баалуулуктары менен  белгиленген бардык башкаруу  документтерин  түзүү болуп саналат.  Мугалимдер арасында этикалык комиссия  түзүлгөн. Бул комиссия  этикалык  ченемдер бузулган  учурда  жана жеке кайрылуулардын негизинде иш жүргүзөт. Ар бир мугалим жана тех.кызматкерлер менен  функционалдык милдеттерин тааныштырып эмгек келишимдер түзүлөт.

Балдар менен иштѳѳ инспектору иштѳѳ графигине ылайык,укук бузууларды алдын алуу боюнча профилактикалык иштерди жүргүзѳт.                                                 Окуу-тарбия иштери  жалпы мектептин  планына ылайык  перспективалык жана  учурдагы  пландаштыруунун  негизинде жүргүзүлөт.

 

 

Мугалимдин профессионалдык этикасынын Кодекси:

Ø     Бардык абал;

Ø     Мугалимдин негизги нормалары;

Ø     Мугалимдин башка адамдар менен өз

Ø     ара мамилеси;

Ø     Мугалимдин окуучу менен тил

Ø     табышуусу;

Ø     мугалимдер менен тил табышуусу;

Ø     администрация менен тил табышуусу;

Ø     окуучунун ата-энеси жана баккан

адамы менен тил табышуусу;

Ø     коомчулук менен өз ара мамилеси;

Окуучунун тартип эрежеси:

Ø         Окуучулардын мектепке келүүсү,

Ø         Окуучулардын сырткы көрүнүшү,

Ø         Окуучулардын сабакка катышуусундагы тартиби,

Ø         Окуучулардын танапис учурундагы тартиби,

Ø         Ашканадагы тамактануу тартиби,

Ø         Кече,чогулуштардагы тартип,

Ø         Мектептен тышкаркы тартиби,

Ø         Дежурныйдын класстагы милдети,

Ø         Дежурныйдын мектептеги милдети.

 

Мугалимдердин сапаттык курамы

Педагогика кызматкерлеринин этика кодекси

Инструкция тех.кооп.

Соц. педагогтун иш планы

Тарбия иштери б/ча отчёт-анализдер

Регламенттер

Балдар менен иштѳѳ инспекторунун токтомдору

 

 

 

 

 

 

 

Окуучунун милдеттери

1.5 Ишти баалоо, пландоо, уюштуруу, ошондой эле билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун абалына мониторинг жүргүзүү механизмдеринин жана жол-жоболорунун болушу1.      Окуучулардын 1 жыл ичиндеги билим сапатынын мониторингинин өткөрүлүүсү.

  1. Мектептин планы боюнча өткөрүлгөн диагностикалык контролдук иштер.
  2.  Окуучулардын райондук,областтык,республикалык конкурстарга катышуусу:
  3. Мугалимдер системалык түрдө өз билимин жогорулатуу курстарынан өтүүсү.
  4. Сабактан сырткаркы убакта экскурссиялар, аңгемелешүүлөр, иш-чаралардын өтүлүүсү.
  5. Кабинеттердин температуралык режимин кѳзѳмѳлдѳѳ.
  6. Китепкананын иши

 

Мектепте класс кабинеттери,окуу залдары кышкысын жылуу жаз,күз айларында салкын кармоого шарттар ,коопсуздук чөйрөсү түзүлгөн.  1-4-класстар үчүн ысык тамак уюштурулган,класстарда окуу иштерин жүргүзүү үчүн  шарттар түзүлгөн.  Абанын тазылыгы камсыздалып, нымдуу уборкалар жүргузулуп турат. Жугуштуу ооруларды алдын алуу үчүн жумасына 1,айрым учурда 2 жолу хлор менен уборка жасалат.Окуучулар арасында,чейрек сайын сергек жашоо боюнча класстык сааттар өтүлүп турат.

Таза суу киргизилген.

Медицина кызматкерлери менен тыгыз иш алып баруу жолго коюлган.

Жашылдандыруу да четте калган эмес.Мектептин айланасына жыл сайын көчөттөр,гулдор отургузулат.

 

 —Анализ 3 жылдык

 

Ата энелер комитети

1.6 Кызыкдар тараптарды тартуу менен чечимдерди кабыл алуунун жана тиешелүү оңдоолорду киргизүүнүн колдонуудагы механизмдеринин болушу.

 

    Ата эне , коомчулук, айыл өкмөт, мектеп менен бирдикте балдарга мектеп ичине ыңгайлуу микроклимат түзүү механизми иштелип чыккан. Бул түзүмдө  чечим кабыл алуучу жогорку органдар болуп педагогикалык кенеш  саналат, анын максаты билим  берүү процессинин  катышуучуларынын өз ара аракеттенүүсүнүн  натыйжалуу  механизмин түзүү  болуп саналат.

Профсоюздук уюм. Бүткүл педагогикалык жамаат  Кыргыз Республикасынын прфсоюздук уюмунун составына кирет.

Мектеп парламенти- бул мектептин окуучуларын башкаруунун бир түрү.Мамлекттик  башкаруунун  ар бир звеносу өзүнүн ыйгарым  укуктарына ылайык жыл  үчүн  өз  алдынча  иштелип  чыккан  план  боюнча иштейт.

Мамлекеттик башкаруу системасы  көйгөйлөрдүн  пайда болушуна  өз убагында жооп  кайтарууга мүмкүндүк  берет, аларды чечүүгө  кызыкдар тараптардын көп  бөлүгү тартылат, аны андан ары  өркүндөтүү пландаштырылат.

1.      Нормативдик изилдөө актылары,КР нын «Билим берүү» боюнча жоболору;

2.      Мугалимдердин өз билимин өркүндөтүү курстары;

3.      Предметтик мугалимдердин- семинарлары;

4.      Предметтик мугалимдердин –тренингдери;

5.      Интерактивдүү методдор менен окутууга;

6.      Ата-энелердин мектеп жана коомчулук менен өз ара байланышы;

7.      Инфраструктураны өнүктүрүү;

8.      Ата-энелер комитетинин,мектептин,айылдык кеңешинин биргелешүү иш-аракеттери.

Ата Энелер чогулуштарынын токтомдору

Ата Энелер менен иштөө

Мектеп парламентинин планы

— Профсоюздук уюм. планы

Мектеп окуучуларынын өзүн өзү башкарусунун түзүмү

1.7   Билим берүүнү башкаруунун колдонуудагы маалыматтык системасынын, веб-сайттын, электрондук почтанын болушу   Мектепте 1 компьютердик класс бар, эмеректер менен жабдылып  учурда компьютерлердин келиши күтүлүүдө, 1 проектор , 1 компьютер,1 принтер бар.

1 компьютерге Кыргыз телекомдун    каржылоосу менен интернет туташтырылган.

Мектепте веб-сайт ачылган,иштер жүргүзүлүүдө.

ИСУО менен иш алынып барылууда.

Информациялык системанын башкаруу маалымат тутуму.

Ø  ВЕБ сайт,

Ø  Мектептин электрондук почтасы

Ø  Жаны китеп

Ø  ИСУО

 

Веб.сайт

 

ИСУО

Мектептин электрондук почтасы

 

Күчтүү жактар:

Алсыз жактар:

1.Ата-энелердин мектептин проблемасын    чечүүгө пассивдүүлүгү.

. Класстардын ичинин капиталдык ремонтко муктаждыгы.

3.Социалдык жактан коргоого муктаж болгон окуучулардын жылдан-жылга көбөйүшү.

4.Жаш мугалимдердин билимдеринин мектептин талабына жооп бербегендиги.

5.Физика,химия предметтери боюнча   лабораториялык иштерди жүргүзүү үчүн курал-жарактардын жетишсиздиги, эскилиги.

6.Окуу китептердин жетишсиздиги,окуучулардын муктаждыктарына адаптацияланбаган окуу материалдары.

7.Сырткы жана ички мигрант уй-булолордун көбөйүшү

8.Компьютерлердин жетишсиздиги

2. КАДРДЫК САЯСАТТЫН ЭФФЕКТИВДҮҮЛҮГҮ

2.1 Педагогикалык, административдик, окутуучу-көмөкчү жана кенже тейлөөчү персоналды жумушка алуунун (жумуштан бошотуунун) объективдүү критерийлерин жана шарттарын камсыздоочу механизмдин жана жол-жоболордун болушу    Октябрь ЖББО   мектебинде педагогикалык кадрларды ишке кабыл алуу,КР эмгек кодексинин 64-беренеси жана мектептин Уставынын (7.12-пункту), жалпы билим берүүчү мекеменин  кызматкерлерин топтоо тартиби анын уставы менен регламенттелет.

 

Жалпы билим берүү уюмдун кызматкерлерине жана администарациясына карата КР эмгек кодексинде каралган эмгек мыйзамдары колдонулат.

Мектептин Уставында (7.13.-пункту)

Учурда мектептин педагогикалык кадр менен камсыз болушу 83%

КР эмгек кодекси

Нормативдик укуктук актылар

Устав

Эмгек келишими

Эмгек китепчелери

Тарификациялык список

Мектептин ички тартип эрежерери

Кызматкерлерди кабыл алуу, бошотуу боюнча  буйруктары

Дипломдор

 

2.2  Штаттардын комплекттелишинин, педагогикалык персоналдын квалификациясынын жана билиминин билим берүү программасына шайкеш келүүсү  Мектепте педагогикалык жана кѳмѳкчү курамдын комплекттелиши, квалификациясы, билими жана тажрыйбасы билим берүүнүн максаттарына жетүүгѳ ылайык. Ар бир окуу жылынын башталышында мугалимдердин кесиптик ѳздүк курамы такталат.

Учурда мектептин педагогикалык кадр менен камсыз болушу – 90 % түзөт.Мугалимдердин жалпы саны-24,жогорку билимдүү -15,магистр-1,бакалавр-1,атайын орто -6,орто билимдүү-1

 

 

 

 

Штаттык расписание

-Пед.коллективдин составы,

 

Ɵз билимин өркүндөтүүнүн перспективалык планы

-Кызматтык инструкция.

-Функционалдык милдеттер,

-Этикалык комиссия.

-ОББИ жана КАО нун графиги

2.3Физикалык жана психологиялык коопсуз чөйрөнү, ошондой эле билим берүү процессинин катышуучуларынын өз ара мамилелерин баалоону, анын жыйынтыгы боюнча чечимдерди кабыл алууну камсыздоочу механизмдин жана жол-жоболордун болушу   Мектепте  физикалык жана психологиялык  коопсуз чөйрөнү камсыз кылуу үчүн педагогдор менен ата энелер,окуучулар  ортосунда   үч тараптуу келишимдер түзүлгөн.

Анкета түрүндө алынып физикалык коопсуздук б-ча имараттын коопсуздугу, бөлмөлордүн жарыктандырылышы , кабинеттердин жылуулугу, желдетилиши, таза суу менен камсыз болушу, мебелдердин коопсуздугу ата энелер , жергиликтүү бийлик менен кайрылуулардын , маек жүргүзүү, проблемаларды суроо жооп аркылуу аныктап алып, стратегиялык планга киргизилген, айрым учурда тез кабыл алуу педагогдордун чогулушунда чечилет.                 Балдардын ден соолугун коргоо, жугуштуу

ооруларды алдын алуу үчүн ФАП кызматкери менен мониторинг жүргүзулүп турат. Социалдык педагог анкета жүргүзот,ишеним почта пайдаланылат,ИДН менен чогуу иш алып барат.

Ɵрт коопсуздугун сактоо боюнча:

Ø  План түзүлгөн;

Ø  Окуу жылынын башталышында мектеп ичинде (класс кабинеттердеги,окуу залдардагы,ашканадагы,спорттук залдагы,актылык залдагы) техникалык абал боюнча,кошумча эшиктердин кулпуларынын абалы боюнча текшеруу жургузулот

Ø  Ɵрт өчүрүүчү баллондор убагы менен толтурулуп турат.

Ø  Мектепте суу топтолуучу (водоём) жай бар.

Ø  Ɵрт коопсуздугунун инструкциялары мектеп жамаатына, 1-11-класска чейинки окуучуларга өтүлөт,физика,химия,информатика,эмгек кабинеттерде илинет. Окуучулар арасында “Жаш өрт өчүрүүчү” тобу тузулуп,план боюнча ишмердүүлүүгү жүргүзүлөт.

Үч тараптуу келишим

 

-Медициналык жана социалдык мониторинг, отчеттор, корутундулар

Эвакуациянын планы

2.4Педагогикалык, административдик, кенже тейлөөчү жана окутуучу-көмөкчү персоналдын ишин баалоону, анын жыйынтыгы боюнча чечимдерди кабыл алууну камсыздоочу механизмдин жана жол-жоболордун болушу   Мектепте эксперттик кеңеш түзүлгөн, персоналдын ишин баалоо боюнча критерийлердин негизинде баалоо упайы коюлат, ар бир квартал сайын КТУда каралып , бааланат.( 2022-ж.апрель айына чейин)

Андан сырткары профсоюз тарабынан сыйлык, грамоталарга көргөзүлөт ал пед. кеңеште жана профсоюз чогулушунда каралат.

Эмгек китепчелерге сыйлоо буйругу жазылат.

Эксперттик кенеш  ж/дө жобо, буйрук,

Эмгек китепчелери

Эксперттик комиссиянын токтомдору

Директордун буйруктары.

Күчтүү жактар:

1.Педагогикалык кадрлардын үзгүлтүксүз өз билимин өркүндөтүү үчүн квалификацияны жогорулатууга баруусу;

2.Мугалимдердин өз билимин өркүндөтүүнүн үстүндө тынымсыз иштөөсү.

3.Семинарлаларга катышуу менен  ар кандай методдор менен сабак берүүсү;

4.Физикалык коопсуздук боюнча мектепте балдардын окуусуна бардык шарттар түзүлүүсү;

5.Класстардын жарыктандырылганы ,таза, желдетилип турушу,атайын форточкалардын бар болуусу;

6.ИДН кызматкерлери менен тыгыз иш алып барылуусу;

7Маалыматтардын үзгүлтүксүз болушу, коопсуз маалыматтардын жеткиликтүүлүгү;

8. Соц педагогдун ата энелер , балдар менен тыгыз иш алып баруусу;

Алсыз жактар:

1.Айрым учурда акча каражатынын жетишсиздиги;

2.Ата-энелердин жоопкерчилигинин аздыгы;

3.Айрым педагогдордун МТК рын өз деңгээлинде өздөштүрбөгөндүгү;

4.Кенже персоналдар үчүн айлык акынын аз болушу;

5.Мектепке пед.кадрлардын жетишсиздиги

 

  

3.МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК БАЗА

3.1  Билим берүү процессинин катышуучуларына, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жеткиликтүү болгон окуу имараттарынын, жайлардын жана материалдык ресурстардын (жабдылган окуу класстары, лабораториялар, компьютердик класстар, спорт зал, актылык залы, медициналык пункт, ашкана), ошондой эле жашоо үчүн тиешелүү шарттары бар жатаканалардын (эгерде болсо) болушу.1.Мектепте окуучуларды шыктандыруу жана окуунун натыйжасына жетишүүсүнѳ түрткү берүү, жардам берүү үчүн:

1.      10 класстык бөлмө

2.      1 компьютердик класс.

3.      1 спорттук зал.

4.      1 ашкана.

5.      1 китепкана

6.      1 спорттук аянтча.

7.      1 электр от жагуучу жай

8.      1 кабинетте интернет чубалгысы бар

Мектептин штатына бекитилген медициналык кызматкер жок болгондугуна байланыштуу, окуучулардын жана педагогикалык курамдын ден-соолугуна кам кѳрүү айылдык Үй-бүлѳлүк дарыгерлер тобунун медициналык кызматкерлери тарабынан камсыздалат.

 2018-жылдан баштап 1-4-класстын окуучулары үчүн ысык тамак берилип келе жатат. Мектептин ашканасы талапка ылайык жабдылган.

Учурда мектеп талапка жооп берет. Кышкысын жылуу,  жарык балдар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Жогорку билимдүү мугалимдер менен камсыз болгон. Материалдык базаны чыңдоонун үстүндө аракет кылуудабыз.               

Мектептин тех.паспорту

Имараттардын сүрөттөрү

 

Кабинеттин сүрөттөрү

 

 

 

 

 

 

3.2.Билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун талаптарын сактоо (экологиялык, санитардык эпидемиологиялык жана гигиеналык эрежелер жана ченемдер, өрткө каршы коопсуздук, эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын эрежелери)  Мектепте  2018-жылдан баштап 1-4-класстын окуучулары үчүн ысык тамак берилип келе жатат. Мектептин ашканасы талапка ылайык жабдылган.

Ѳрт коопсуздугун сактоо боюнча атайын иштелип чыккан №1 педагогикалык кеңешмеде бекитилген баштапкы профсоюз уюму менен макулдашылган көрсөтмөнүн негизинде иш алып барылат.

Эмгекти коргоо боюнча докладдар окулат.Окуу семинарлары уюштурулуп,инструктаж өткөрүлөт .    Класстык бөлмөлөрдө,залда коопсуздук эрежелерини көрсөтмөлөрү илинген. Окуучуларга тааныштырылып кол койдурулган документтер бар. Ɵрт өчүрүүчү каражаттар жетиштүү: 18даана өрт өчүрүүчү баллон,1-щит бар.

Мектепте  физикалык жана психологиялык  коопсуз чөйрөнү камсыз кылуу үчүн педагогдор менен ата энелер,окуучулар  ортосунда   үч тараптуу келишимдер түзүлгөн.

                 Балдардын ден соолугун коргоо, жугуштуу ооруларды алдын алуу үчүн ФАП кызматкери менен мониторинг жүргүзүлүп турат. Социалдык педагог анкета жүргүзөт,ишеним почта пайдаланылат,ар бир жумада комиссия курамы менен ачылып протокол түзүлөт. Ар кандай психологиялык коопсуздукту алдын алуу үчүн почта ичиндеги көйгөйлөр ата эне, окуучу менен бирдикте маек жүргүзүүү менен чечилет. ИДН кызматкерлери менен  ай сайын  чогулуштар өтүлуп түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турат.

Класс кабинеттерде ,мектептин айлана чѳйрѳсүндѳ жашылдандыруу жүргүзүлүп ар кандай конкурстар ѳткѳрүлүп турат.

СЭС тин актысы

Өрт коопсуздугу жөнүндө жобо

-Өрт коопсуздугу боюнча акт

Фото

Инструкция тех.кооп.

Окуучулардын тамак-ашын уюштуруу жөнүңдө жобо

Сан. узел

3.3.Материалдык-техникалык базаны жана маалыматтык ресурстарды жакшыртуу боюнча ишти топтоо, баалоо, талдоо жана пландоо механизминин болушу  Мектептин админстрациясы  материалдык техникалык базаны чындоо үчүн ар дайым көп көнүл буруп келет.Кызыкдар тараптар менен биргеликте (педагогдор, ата-энелеркомитеттери) жыл сайын ар бир класс кабинеттердин жабдылышына, кезектеги ремонттон өткөрүлүшүнө, кабинеттердин материалдык техникалык базасын  чындоонун үстүндө иш алып барышат.Мектептин материалдык техникалык базасы өнүктүрүү  программасына  жана жабдууларды  ондоонун  жана жанылоонун перспективдүү планына ылайык динамикалуу өнүгүп жатат. МТБ чындоодо жергиликтүү бийликтин салымы чоӊ.

Мектепте ОТЖП да материалдык –техникалык базаны жакшыртуу боюнча  стратегиялык план түзүлгөн. МТБ жакшыртуу үчүн демөөрчүлөр жана ата-энелер менен иш жүргүзүп келебиз

 —МТБны жакшыртуу планы

-МТБ боюнча отчеттор

-Анализ

 

 

Күчтүү жактар:

   -Компетенттүү билим берүүдө окуучулар максаттарын өзүлөрү коюп,аны ашырууга далалат кылуулары, жөндөмдүүлүктүн өсүшү;

Алсыз жактар:

-Компьютерлердин жоктугу

-Мекеменин эскилиги

-Айрым окуу мебелдеринин эскилиги.

-Демонстрациялык куралдардын аздыгы, жетишпегендиги.

             4. ФИНАНСЫЛЫК РЕСУРСТАРДЫ БАШКАРУУ

4.1  Финансылык  пландаштырууну  уюштурууга  болгон мамилелер мектептин  функционалдык  ишинин негизги  максатына, сапаттуу билим  берүү кызматын көрсөтүүгө   жана материалдык-техникалык базаны чындоого  баш ийдирүүгө тийиш.

Мектептин финансылык пландоо объектилерине бюджеттик жана бюджеттен тышкаркы  финансылык ресурстар кирет.

Экинчи жарым жылдыкта  кийинки  жылга  чыгашаларды пландаштыруу планы түзүлүп, Чалдовар   айыл өкмөтүнө  сунушталат.

Мектепте каржылык пландаштыруу чарбалык иштерди  пландаштыруу менен байланыштуу болот.

КРнын  Билим берүү мыйзамынын  30.04.2003-жылдагы №92 буйругунун  43-беренесинин  негизинде  бюджеттин мектептеги кызматкерлердин айлык акысына, утурумдук ремонт иштерине, кома

МӨП

-Чыгыш-кириш документтери

-ремонт иштерине заявкалар

4.2  Кошумча      финансы ресурстарын тартуу, бөлүштүрүү    жана отчеттуулук боюнча             ачык-айкын механизмдердин болушу-Кошумча каражат булактарын тартууда бөлүштүрүүдө ата-эне чогулушун өткөрүлүп ,маселе кою менен көзөмөлчү кеңеш курамын шайлап бекитип иш алып баруу жагы милдеттендирилет

 

Инвентарлар ведомосту

-МТБны жакшыртуу планы

Күчтүү жактар:

1 Финансы маселелери жылдан жылга толукталып мугалимдердин айлык акыларынын көтөрүлүшү персоналдар үчүн стимул.

2.Мамлекеттен , кошумча ресурстарды тартуу менен материалдык –техникалык базанын жаңыланышы билим сапатынын жогорулашына таасир берет.                                                                       

3.Маалымат ресурсу , интернеттин кеңири колдонулушу.

Алсыз жактар:

1.      Кенже персоналдардын айлык акысынын аздыгы.

2.      Ремонтко бөлүнгөн акчалардын тендер менен чектелиши.

3.      Жылдан жылга мебелдердин эскириши, жаңы мебелдердин кымбат болушу.

4.      Ремонт иштерине бюджеттен аз акча бөлүнүүсү. Жылдан жылга ремонтко керектүү каражаттардын кымбат болушу.

5.      Окуу талабынын жогору болушу.

6.      Окуу куралдарына акча каражаттарынын жетишсиздиги.

7.      Айыл тургундарынын көпчүлүк бөлүгү жарды жашап, аярлуу калктын көпчүлугү, айыл  жеринде жумушсуздук күч алгандыгы.

8.      Ата-энелер дыйканчылык менен гана алектенишип, ал продукция да өзүн-өзү актабай тургандыгы.

9.      Миграциянын күчөшү.

 

 

Ар бир окуу жылынын башталышында Райондук Билим берүү бѳлүмүнѳ  мектептин квалификациясын жогорулатууга муктаж мугалимдеринин тизмеси бекитилип берилет. Областтык билим берүү институтунун квалификацияны жогорулатуу семинарларынын графигине киргизилип, мугалимдер квалификациясын жогорулатып келишет.

Мындан  сырткары,аралыктан,(онлайн)курстарга да катышып,өз билимдерин жогорулатышууда.

 

Стратегиялык милдет:

2019-жылдын 25-авгусунда бекитилген мектепти өнүктүрүүнүн стратегиялык планынын (2019-2024-о.ж.) негизинде

2020-жылы МЕРСИКО уюму тарабынан  ысык тамак уюштурууга жардам берүү максатында ашкана жабдуулары алынган.

2021-жылыЧүй облустук фондунун эсебинен 1млн 869 сомго мектептин чатыры капиталдык ремонттон өттү.

Мектеп менен кызматташкан уюмдардын жардамы:

2021-2022-окуу жылында Октябрь ЖББОМ де окуу жылы аяктаганына байланыштуу оңдоп-түзөө ремонтторуна Чалдыбар айыл өкмөтүнөн

Ата-энелер тарабынан 4класс кабинеттерине плафон коюлду жана эки класс кабинеттин шторалары алмаштырылды (11400 сом эсебинде).

Мугалимдердин каражаттарынын эсебинен 9000 сомго мектептин коридоруна жана мугалимдер бөлмөсүнө плафондор коюлду.

Панфилов РБББ тарабынан мектептин класстарын ремонттоо иштерине 16000 сомдук жардам көрсөтүлдү.