Октябрь орто жалпы билим берүүчү мектеби Чүй облусу. Панфилов району

1. Программалык аккредитация

 

Өзүн-өзү баалоо боюнча отчёт

Чүй облусунун Панфилов районундагы  Октябрь жалпы  билим берүү орто мектеби

 

                                          ПРОГРАММАЛЫК АККРЕДИТАЦИЯ.

        Комиссиянын тѳрайымы

  1. Мектеп директору:          Кубатова Н.М.

        Мүчѳлѳрү:

  1. Окуу бѳлүмүнүн башчысы:  Айдекеева А.Б.

  2. Тарбия завучу:  Алибаев У.К.

  3. Соц.педагог:    Алибаев У.К.

  4. Математика УБ жетекчиси:     Джунуева Г.Т.

  5. Орус тили УБ жетекчиси:   Кудайбергенова М.М.

  6. Кыргыз тили УБ жетекчиси:    Доскулиева Н.Ж.

  7. Тарых,география УБ жетекчиси:   Камыева С.Г.

  8. Эмгек УБ жетекчиси:   Байжуманова К.Е.

  9. Башталгыч кл.УБ жетекчиси:  Исмаилова С.Ж.

  10. Информатика мугалими:  Осмоналиев Т.Э.

 

Чүй облусунун Панфилов районундагы Октябрь жалпы орто билим бepүү мектебинин «Негизги жана орто жалпы программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарын аккредитациялоонун тартиби» жөнүндө  Жобого ылайык аккредитациялануучу билим беpүү уюмдарына карата коюлуучу минималдык талаптарына, көрсөтүлүүчү  билим берүү кызматтарынын мамлекеттик билим беpүү стандарттарынын талаптарына шайкеш келүүсү боюнча өзүн-өзү  баалоосунун маалымдамасы:

2022-жыл.  ноябрь

 

                                                     

                   1.Киришүү

Чүй облусунун Панфилов районундагы Октябрь жалпы  билим бepүү орто мектеби тууралуу жалпы маалымат:

Октябрь жалпы  билим берүү орто мектеби 1965-жылы курулуп башталган.

1966-жылы пайдаланууга берилген жана 8 жылдык мектеп билим берүүгө негизделген.

1987-жылы Октябрь орто мектеби аталган.

2020-2021окуу жылында Октябрь жалпы билим берүү орто мектеби деп аталды.

Мектептин окуп жаткан имаратында 9-класстык бөлмө, мугалимдердин бөлмөсү,ыңгайлаштырылган компьютердик бөлмө, директордун бөлмөсү, окуу завучтардын бөлмөсү,,китепкана, ашкана, спорт зал бар.

 

Биздин мектептин директорлору:

 

  • Янцин —  (1965-1970)

  • Павлов Владимир Дмитриевич — (1970-1987)

  • Семенов Владислав Леонтьевич  -(1987-1990)

  • Учителева Лариса Леонидовна  -(1990-2001)

  • Джапаров Хантемир Толонбаевич -(2001-2022)

  • Кубатова Назира Муратовна — (24.08.2022-ж бери иштейт)

  • Директордун аты  жөнү:

  • Кубатова Назира Муратовна 0704792581.

           

               Директордун орун басарлары:

  • Окуу иштери боюнча директордун орун басары:

  • Айдекеева Айчүрөк Бурхановна-– 0554006605.

 

  • Тарбия иштери боюнча директордун орун басары:

  • Алибаев Урматбек Кыдырович- 0704792990.

                                                   

  • Соц.педагог:

  • Алибаев Урматбек Кыдырович –070479299

  • Мектеп коллективинде 24 мугалим эмгектенет.

  • Мектепте 251 окуучу окуйт.

 

Юридикалык адрес:

Октябрь айылы Панфилов району Школьный көчөсү 1

Телефону: 724708

Электрондук дарек: [email protected]

Веб.сайт:  https://sosh-oktybr.mektebim.kg.

                               Өзүн өзү баалоо боюнча отчет

Чүй облусунун Панфилов районундагы  Октябрь жалпы орто билим берүү мектеби.

   ПРОГРАММАЛЫК АККРЕДИТАЦИЯ.

Минималдуу талаптардын аткарылышынын анализи жана далилдери:

БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫНЫН МАЗМУНУ ЖАНА ОКУУ-МЕТОДИКАЛЫК КАМСЫЗДАЛЫШЫ

Өзүн-өзү баалоонун критерийлери:

Билим 6epүү мекемесинин анализи

(Өзүн-өзү баалоо)

Далилдер:

1.1 Окуу планынын жана программалардын билим берүү стандартынын ,базистик окуу планынын талаптарына жана кызыкдар тараптардын керектөөлөрүнө ылайык келүүсү.     Окутуу кыргыз жана орус тилинде жүргүзүлөт. Окуу планы мамлекеттик стандарттын талаптарына туура келет жана КРнын ББИ Мнин 2022-жылдын август айындагы  № 1529/1 буйругу менен бекитилген, Базистик окуу планына ылайык түзүлгөн. Окуу планында КРнын ББИМнин окуу китептери менен окуу колдонмолорун пайдалануу каралган.

  Мектеп компоненти, окуучулардын жана ата-энелердин сунушунун, мектептин педагогикалык кеӊешмесинин чечиминин негизинде,5-класска 1саат тарых,8-класс кыргыз тили ,10-класс математика сабактарына

берилген. Сабактар класстар үчүн Базистик окуу планга ылайык, мектептин окуу бөлүмү  тарабынан түзүлгөн жүгүртмө  боюнча  өткөрүлөт.

     Каникулдардын графиги Базистик окуу планынын түшүндүрмө  катынын негизинде коюлган. Программалар,окуу китептери,текшерүүчү дидактикалык материалдар,усулдук адабияттар,тематикалык иш-чаралар окуу планына,билим берүүнүн мазмунунун милдеттүү  минимумуна,окутуунун сапатынын жыйынтыгына, окуучулардын өнүгүүсүнүн  деңгээлине жана психологиясына дал келет.

Окуу планы (3 жылдык)

 

 

Педагогикалык кеңешменин токтомдору

Базистик окуу планынын түшүндүрмѳ каты

Мектептин ички байланыштарынын схемасы

 

 

 

 

                                                                 

1.2Окуу-методикалык камсыздоонун билим берүү стандартынын талаптарына жана кызыкдар тараптардын керектөөлөрүнө ылайык келүүсү.Билим берүү программасынын алкагында эффективдүү билим берүүнү камсыздоо  үчүн мектепте керектүү окуу – методикалык каражаттар бар. Мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык окуу  программаларынын негизинде  мугалимдер тарабынан предметтер боюнча  календардык-тематикалык пландар түзүлүп ар бир окуу жылында усулдук бирикмелерде каралып бекитилет. Мектептин мугалимдери жалпысынан  төмөнкү окуу -методикалык документтер менен иш жүргүзүшөт: мамлекеттик билим берүү стандарты, окуу программасы, тематикалык план, сабактын планы.

Педагогикалык кызматкерлердин окуу планын аткарууда сабактардын сапаттуу өтүлүшү, структурасынын сакталышы, инновациялык ыкмаларды пайдалануусу, электрондук материалдарды сабактын фрагметтерине камтуусу эске алынып, алдыңкы тажрыйбалуу мугалимдердин иши мектеп ичинде ачык сабактар жана чыгармачыл отчеттор, усулдук семинарлар аркылуу жайылтылып турат.

Жыл сайын мектеп компонентин жана предметтик кружокторго, катышуучуларды тандап алуу ата-энелердин жана окуучулардын талкуусунан кийин бекитилет.

-Окуу планы (3 жылдык)

 

Усулдук бирикме жөнүндө жобо

УБ анализ отчёттору

УК пландары

Буйруктар

-Физика,химия предметтери боюнча лабораториялык жабдуулардын тизмеси

Жетишкендиктер

Ата Энелер чогулуштарынын токтомдору

1.3Жетиштүү маалыматтык ресурстардын (окуучулардын контингентине,анын ичинде окутуу тилдерине карата окуу-методикалык адабияттардын фонду) болушу.

 

  Мектептин китепканасынын фонду жалпысынан 9773 китепти түзөт.

Анын ичинен:

-Окуу китеби-4966

-Көркөм-илимий адабият китептери-3983

-Усулдук китептер-824

Жыл сайын окуу китептери менен жаңыланып,толукталып турат.

Жетпеген окуу китептери менен ата-энелер камсыз кылышат.

  -2022-2023-окуу жылынан бери “Электрондук китепкананы” түзүүнүн үстүндө иш алынып барылууда.

    КР ББИМ “Жаӊы китеп” долбоорунун негизинде мектеп китепкасы иш алып барат.Бул долбоордун негизинде китепканын базасы жаӊы китептер менен толукталууда.

Мектептин китепканасы жылыга жаңы методикалык көрсөтмөлөр  жана окуу китептери менен толукталып турат. Окуу китептери менен камсыз болуусу 95 % түзөт.(ата-энелер тарабынан толукталган китептер менен)

Китепканачынын иш пландары

Китепканачынын анализдери

Мектептин китепканасынын  инвентардык китеби

Д-10 отчёттору

“Жаӊы китеп” сайты

1.4

 

Билим берүү программасынын жана окуу-методикалык камсыздоонун мазмунун жакшыртуу максатында кызыкдар тараптардын күтүүлөрүн,керектөөлөрүн жана канаттануусун мезгилдүү баалоонун жана маалыматтык коопсуздукту камсыздоонун колдонуудагы механизминин болушу.  Мектеп төмөнкүдөй локалдык актылар иштелип чыккан, билим берүү процессиндеги маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жобо, билим берүүнүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жобо, коопсуздук паспорту, жооптууларды дайындоодогу директордун буйруктары.

      Мектептин маалыматтык коопсуздугу төмөнкү үч багытты камтыйт:

-компьютердик маалыматтык коопсуздугу,

-жеке маалыматтардын коопсуздугу;

-терс маалыматтарга жетүүдөн балдарды коргоо;

Бул маселелерди чечүү комплекстүү жана системалык түрдө аткарылат.

 Мектепте Кыргыз Республикасынын Билим берүү,мугалимдин статусу жөнүндө, мыйзамдары билим берүү  программаларын ишке ашырууда жалпы мектептик билимдин мамлекеттик билим берүү  стандарты, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйруктары, билим берүү уюмдарынын иштерин жөнгө  салуучу иш укуктук-нормативдик актылары, мектептин Уставы жетекчиликке алынып, окуучуларга сапаттуу билим берүү  артыкчылыктуу мааниге ээ.         Билим берүүнүн  сапатын көтөрүү  үчүн бардык шарттар көрүлөт..  

   Биргеликте иш жүргүзүүнүн натыйжасында,окуучулардын билим сапатынын артышына өбөлгө түзүлүүдө.

      

Билим берүү программалары

Мектептин МТБ боюнча маалыматы

Билим берүү процессиндеги маалыматтык коопсуздуктун жобосу

Жооптуу адамдарды дайындоо буйруктары

Ата Энелер чогулуштарынын токтомдору

Интернети пайдалануу эрежеси

Күчтүү жактары Билим 6epүү максаты жана милдеттери мамлекеттик стандартка жана кызыкдар тараптардын керектөөлөрүнө  ылайык иштелип чыккан,бул багытта иш мектептин педагогикалык кеңештеринде, усулдук бирикмелердин отурумдарында,ички көзөмөл  жүргүзүүнүн жыйынтыгын чыгарууда дыкат каралып, кийиники иш-аракеттер процедурасы чечилет: -Чыгармачыл окуучулар менен иш алып баруу, предметтик олимпиадаларга даярдык, окуусу начар,же социалдык жактан жардамга муктаж үй —  бүлөлөрдүн балдары менен жекече иш алып баруу, ден соолугунан   мүмкүнчүлүгү  чектелген окуучулар менен иш алып баруу, керек учурда  үйүндө окутуу, ата-энелер жамааттары менен биргелешкен отурумдарды өткөрүү сыяктуу иш аракеттер жалпы окууту-тарбиялоо процессинин талап кылынган багытта ишке ашырылышына чоң  көмөк  көрсөтөт.
Алсыз жактары-Билим сапатын арттырууда, ата-энелер,коомчулуктун катышуусунун төмөндүгү;

-Ички-сырткы миграциянын тийгизген таасири;

-Физика,химия,биология лабораториялык жабдуулардын эскилиги,жетишсиздиги

 

-Кабинеттин жетишсиздиги

— Ата –энелердин балдарынын билимине кайдыгерлиги

— Китепкананын окуу залынын жоктугу

 

 

 

 

 

 

 

 

1.      КОМПЕТЕНТТҮҮ ОКУТУУНУ ИШКЕ АШЫРУУ ЖАНА ОКУУЧУЛАРДЫН ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИН БААЛОО
2.1Окутуунун пландаштырылган максаттарынын болушу.   Мектеп Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги иштеп чыккан билим берүү программаларынын алкагында иш алып барат. Билим берүү программалары инсандын жалпы маданиятын жана коом турмушуна ыңгайлашуусуна багытталат.Билим берүү  программалары,билим берүү академиясынан,райондук,областтык билим берүү институту менен биргеликте иштелип чыгып, бекитилет.

 Окутуунун максаттары окуучунун позициясына карата белгиленет. Күнүмдүк сабактын пландарында окутуунун максаты окуучунун позициясына карата коюлуп,анын ишке ашуусуна өбөлгө түзүлөт.

   Билим берүүнүн  сапатын арттыруу максатында тажрыйбалуу мугалимдер иштеп чыккан программа, пландарынын негизинде да иш алып барышат.Аталган мугалимдердин ишмердүүлүгү , ийгиликтүүлүгү предметтик олимпиадаларда, сынактарда даана көрүнөт.

 

 

Күнүмдүк сабактын пландары

Презентациялар

Мектептин миссиясы

Жылдык план

Айлык пландар

 

 

 

 

 

 

 

2.2Окутуу-тарбиялоо процессинде инновациялык технологияларды жана методдорду колдонуу   Мектепте мугалимдер жамаатынын 50% маалыматтык технология каражаттарын (МКТ) пайдалана билишет.

   Аралыктан билим берүү учурунда МКТнын жардамы менен ар кандай видео роликтерди , презентацияларды, видео сабактарды даярдап окуучуларга билим беришти.

  Окуучуларды  предметтик олимпиадага,интеллектуалд марафондорго даярдоодо,күнүмдүк сабактарды, тарбиялык сааттарды ѳтүүдѳ интернет булактарындагы маалыматтарды издѳѳдѳ,колдонууда МКТны пайдалана билишет.

 Ɵз билимин ѳркүндѳтүү курсуна барып  келген мугалимдер инновациялык методдорду колдонуу менен семинарларды уюштуруп, сабактарды ѳтүшѳт.

Күнүмдүк сабактын пландары

МӨП

Дистанттык окуунун жобосу

2.3Окутууну баалоодо жана корректировкалоодо кайтарым механизминин болушу     Педагогикалык окутуу методдорун баалоо жана корректировкалоо  максатында  мектеп админстрациясы 2021-2022-окуу жылында  ачык сабактарга  катышып, ар бир сабакка  тиешелүү анализдери берилген. Мугалимдердин  өз ара сабакка  катышууларынын саны да арбын. Ар бир сабакка  катышуулар  мугалимдердин сабакка катышуу дептерлерине камтылган. Натыйжада мамлекеттик стандарттын  талабына ылайык  мугалимдердин 85%  кайтарым байланыш  боюнча иш  алып барат.

Мектепте  кайтарым байланыштын төмөндөгү  формалары каралган:   

— байкоо

-фронталдык сурамжылоо

-суроо берүү

-тестирлөө

-админстративдик иштер

Окуучулардын жазуу иштерин текшерүүдө  конкреттүү сунуштары колдонулат. Сабактын рефлексия этабында  окуучулар жаңы материалды өздөштүрүүдөгү  проблемалар, каалоолор чагылдырылган  өзүн-өзү баалоо  баракчасын толтурушат. анын жыйынтыгында  мугалим сабак өтүү  методикасын жана  технологияларын өзгөртөт. Мугалимдердин  педагогикалык чеберчилигин арттыруу максатында  өткөрүлгөн ачык сабактартан кийин  сабакты талкулоо карта боюнча жүргүзүлүп, сабактын жетишкендиктери жана  кемчиликтери белгиленип, мугалимге тиешелүү  сунуштар берилет.

 

Сабактардын анализдери

Баалоонун түрлөрүү

2.4Билим берүү стандарттарынын талаптарына ылайык окуудагы жетишкендиктерди баалоонун объективдүү жана ачык айкын системанын болушу.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

       мектептин окуучуларынын окуу-тарбия иштериндеги жетишкендиктерин баалоо системасынын жобосуна ылайык мектептеги окуу процессинин абалын эффективдүү чагылдыруу, окуу-тарбия ишмердүүлүгүндөгү  жетишкендиктерди анализдөө  жана анын негизинде окутуу- тарбиялоо процессин өнүктүрүү  жолго коюлган. Ар бир предметтердин окутулушу планга ылайык мектеп администрациясы тарабынан текшерилип турат.

     Предметтик мугалимдердин сабак өтүүсүн баалоодо мамлекеттик  жаңы  стандарттын усулдары колдонулат. Табигый пердметтерди окутуу жогорку методикалык деңгээлде окутуунун инновациялык технологияларын колдонуу аркылуу ишке ашырылат. Сабактарда телевизор, проекторлор жана компьютерлер колдонулат.Окуучулардын Билим, билгичтик, көндүмдүүлүктөрү билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын талаптарына жооп берет:  Баа берүүнун ченемдери мамлекеттик жана предметтик стандартка дал келет.. Ошондой эле учурдагы , орто жана жыйынтыктоочу баа бар.1 жана 2-класстардагы натыйжаларга жетишүүнүн ийгилигин баалоо сапаттык жана сыпаттамалык баалоонун ыкмаларын колдонуу  менен балл коюусуз жүргүзүлөт.

   Орто мектепти аяктаганда ЖМАнын иштери алынат. Мындан сырткары улуттук тестирлѳѳ борборунун,СЕКОМ,ЖРТ тестинен баалоосунан ѳтүү менен жыйынтыктарды кѳрсѳтүшѳт.

Мониторингдер

Анкеталар

Тесттик иштердин үлгүлѳрү

Предметтик мугалимдердин отчеттору

Пед.кеӊешме(ЖМАдагы баалоонун шарттары)

Башталгыч класстарда катасыз, таза жазуунун методикалык сунуштамасы.

НЦТ,СЕКОМ,ЖРТ тестердин жыйынтыгы

2.5Окуучуларды баалоонун  колдонулуучу эрежелери,жол жоболору жана жыйынтыктары, ошондой эле аларды кайра кароонун жол-жоболору жөнүндө маалымдоо системасынын болушу     Мектепте окуу процессине, класстан тышкаркы иштерге, кароо-сынактарга, спорттук мелдештерге дайыма мониторинг жана мезгил-мезгили менен баалоо жүргүзүлүп  турат.Ал  үчүн тиешелүү жоболор иштелип чыгып, жооптуу кызматкерлердин  функционалдык милдеттери көрсөтүлгөн.

Баалоо жол жоболору жөнүндө маалымат, окуучуларга ар бир окулуучу предмет боюнча сабактын башталышында жеткиликтүү берилет.

 Критерийлер баалардын ишенимдүүлүгүн жана көз карандысыздыгын камсыз кылууга жардам берет жана окуучуларга мугалимдин талаптарын аткарууга жардам берет. Окуучулар баа коюлуп жаткан ишке коюлган талаптарга жооп берүү үчүн өз аракеттерин уюштура алышат.

Тесттерди жана көп денгээлдүү тапшырмалар менен иштөөнү баалоо критерийлери иштин башында оозеки же тапшырмалар бар барактарда көрсөтүлөт.

Экзамендерге даярдануу учурунда мектептин колидорунда жана предметтик кабинеттерде стенддер уюштурулат.

— мамлекеттик атттестациянын буйруктары

-Расписание ЖМА

-Баалонун критерийлери

-Жооптордун үлгүсү

Экзаменден аяктагандан кийин мектептин жарнамалык бурчуна экзамендик комиссиянын протоколдорунун чечимдери илинет.

 

 

ЖМА өткөрүү жөнүндө жобо

Апплицияллык комиссияларды кабыл алуу карап чыгуу жобосу

2.6Коопсуз өнүктүрүүчү жана психологиялык жактан ыңгайлуу билим берүү чөйросүн камсыздоо, билим берүү процессинде ден- соолукту сактоочу ыкмаларды колдонуу  

  Окуу жылынын башында бардык мугалимдерге, тех.персоналдарга жана окуучуларга өрт коопсуздугу, техникалык коопсуздук эрежелери, жол эрежелери тууралуу инструктаж өткөрүлүп, журналдарга кол коюлат. Окуучуларга “Өрт коопсуздугу”, “Жолдо жүрүү эрежелери” боюнча класстык сааттар өткөрүлүп турат. Мектепте балдардын психологиялык жактан ыңгайлуу жагдай түзүүдө ИДН, соц педагог , тарбия иштери боюнча директордун орун басары биргеликте иш алып барат.  . Окуучулардын тартип бузуу, бири-бирине үстөмдүк кылуу иштерин алдын-алуу жана көзөмөлдөө үчүн танапис мезгилеринде күнүмдүк нөөмөтчү мугалимдер жооптуу болушат.            

   Ички жана сырткы дааратканалар иштейт. Мектептин айланасын жашылдандыруу, окуучулар жана мугалимдер тарабынан жылыга ишке ашырылып турат. Мектептин окуучуларынын тамактануусу, жарык берүү, жылытуу жана желдетүү боюнча санитардык-гигиеналык нормалары талапка ылайык сакталган.

   Окуучулардын физикалык активдүүлүгү  үчүн  атайын спорт аянтчалары,  спорт зал бар. Райондук спорттук мелдештерде окуучулар байгелүү орундарды ээлеп келишет.

. Ден-соолугунун  мүмкүнчүлүгү  чектелген окуучулар үчүн пандус орнотулган.

 

тарбия иштеринин планы

 -анализ соц. педагог.

Ата Энелер менен иштөө

Окуучунун милдеттери

Анкеталар

Ата Энелер чогулуштарынын токтомдору

Ашканын,спорт залдын, ,китепканын,окуу кабинеттеринин суроттору.

Инструкция тех.кооп.

Пандустун сүрөтү

Сан. узел

2.7Ички жана тышкы баалоонун, системалуу мониторинг жүргузүүнүн жыйынтыгы боюнча окуучулардын  натыйжаларынын динамикасыОкутуу программасынын алкагында эффективдүү иш алып баруу үчүн окуу-методикалык комплекс иштелип чыккан.Нормативдик жана окуу-методикалык иш кагаздары менен иш алып баруу жакшы жолго коюлган.

Ар чейректин аягында пед.кеӊешмеде окуу тарбия иштерине кеӊири анализ жүргүзүлүп, пайда болгон маселелерди чечүүнүн жолдору талкууланып айрым мугалимдерге сунуштар берилет. Мунун натыйжасында билим сапаты артып келет.

Билим сапаты боюнча мониторинг

2017-2018-окуу жылында 39%, 2018-2019-окуу жылында 42%

2019-2020-окуу жылында 29%, 2020-2021-окуу жылында 47%,2021-2022-окуу жылында 42%

        

 

 

 

     Бүтүрүүчүлөрдүн саны  ЖРТ  б/ча жыйынтыгы (Жалпы республикалык тестирлөө)

2017-2018-окуу жылында ЖРТ дагы орто балл алган бүтүрүүчүлөр 125 балл,2018-2019-окуу жылында 122 балл,2019-2020-окуу жылында 110балл ,2020-2021-окуу жылында 11 класс жок,2021-2022- окуу жылында 112 балл

 

 

 

 

Анализ 3 жылдык

НЦТ,СЕКОМ,ЖРТ тестердин жыйынтыктары

МИТ тин планы

Предметтик мугалимдердин отчеттору

-Толук эсес орто билим жана негизги билим туралуу күбөлүктү каттоо китеби

2.8Кызыктар  тараптардын кайрылууларына жана арыздарына таасир этүүнүн иштелип чыккан жана ишке киргизилген жол жоболордун болушу.Мектепте КР мыйзамдарынын ченемдерине ылайык жараандардын кайрылуулары менен иштөө жөнүндө жободо жарандардын кайрылууларын кабыл алуу жана аларга жооп берүү тартиби белгиленген.

. Арыз жана даттануулар атайын журналга катталат алар менен директордун тарбия иштери боюнча орун басарынын иштөөсү ченемдик документтерге ылайык жүргүзүлөт.

 Кызыктар тараптардын арыздарын  каттоо менен алардын мүдөөлөрүн канааттандыруу.

    Мектепте көрүнүктүү жерде “Ишеним почтасы” орнотулган, “Ишеним почтасы” мектептин соцпедагогу тарабынан көзөмөлгө алынып турат. Почтага түшкөн окуучулардын арыздары, кайрылуулары мектеп жетекчилиги менен бирге талкууга алынып, жыйынтыктар чыгарылып, чечимдер кабыл алынып турат. Окуучулар “Ишеним почтасына” арыздарын тоскоолсуз жөнөтө алышат.

Ишеним кутучасы

Ишеним кутучачынын жобосу

 —Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө жобо

Күчтүү жактар:-Окуу жана тарбиялоо процесстеринде билим берүүчү ар кыл программалардын алкагында иш алып баруу билим сапатына түздөн-түз жакшы таасир тийгизип жаткандыгын байкоого болот. Мында чыгармачыл окуучуларды аныктоого, алар менен жекече окуучулардын, мугалимдердин жараткан ийгиликтеринин аркасында чоң стимул алып жаткандыгы көрүнөт.

 

Алсыз жактар:-Айрым окуучулардын уюлдук телефондорго кызыгууларынын арткандыгы;

-Айрым окуучулардын социалдык абалы;

-Ата-энелердин жоопкерчилигинин аздыгы;

-Мектеп тарабынан берилген окуу китептеринин жетишсиздиги;

 

2.      КАДРДЫК САЯСАТТЫН ЭФЕКТИВДҮҮЛҮГҮ

 

3.1Педагогикалык персоналдын квалификациясынын жана билиминин билим берүү программасына шайкеш келиши     Мектепке мугалимдерди кабыл алуу (комплектилөө) Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексине ылайык жүргүзүлөт. Мугалимдер үчүн  негизги жумуш берүүчү болуп мектеп эсептелинет. Педагогикалык кызматка билими жөнүндө  диплому, тийиштүү педагогикалык квалификациясын ырастаган педагогикалык адистикке ээ болгон адамдар кабыл алынып, эмгек келишимдери түзүлөт. Мектепте бошогон орун вакансияларынын негизинде мугалимдер дипломунда көрсөтүлгөн адистиги жана квалификациясы боюнча жумушка кабыл алынат.     Мектепке мугалимдерди жумушка кабыл алууда, бошотууда жана кызматтан жогорулатууда Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси жетекчиликке алынат. Учурда мектептин педагогикалык кадр менен камсыз болушу – 95 % түзөт.Мугалимдердин жалпы саны-24,жогорку билимдүү -16,магистр-1,атайын орто -6,орто билимдүү-1

 

 

 —Директордун буйруктары.

Штаттык расписание

Класс комплекти

Мугалимдер жонундо маалымат

Мугалимдерди жумушка алуу жана бошотуу жөнүндө жобо

3.2Физикалык жана психологиялык коопсуз чөйрөнү, ошондой эле билим берүү процессинин катышуучуларынын өз ара мамилелерин баалоону, анын жыйынтыгы боюнча чечимдерди кабыл алууну камсыздоочу механизмдин жана жол жоболордун болушу.   Мектепте  физикалык жана психологиялык  коопсуз чөйрөнү камсыз кылуу үчүн педагогдор менен ата энелер,окуучулар  ортосунда   үч тараптуу келишимдер түзүлгөн.

   Анкета түрүндө алынып физикалык коопсуздук б-ча имараттын коопсуздугу, бөлмөлордүн жарыктандырылышы , кабинеттердин жылуулугу, желдетилиши, таза суу менен камсыз болушу, мебелдердин коопсуздугу ата энелер , жергиликтүү бийлик менен кайрылуулардын , маек жүргүзүү, проблемаларды суроо жооп аркылуу аныктап алып, айрым учурда тез кабыл алуу педагогдордун чогулушунда чечилет.                   Балдардын ден соолугун коргоо, жугуштуу

ооруларды алдын алуу үчүн ФАП кызматкери менен мониторинг жүргүзулүп турат. Социалдык педагог анкета жүргүзот,ишеним почта пайдаланылат,ар бир жумада комиссия курамы менен ачылып протокол түзүлот. Ар кандай психологиялык коопсуздукту алдын алуу үчүн почта ичиндеги койгойлор ата эне, окуучу менен бирдикте маек жүргүзүүү менен чечилет. ИДН кызматкерлери менен  ай сайын  чогулуштар өтүлуп түшүндүрүү иштери жүргүзүлуп турат.

    Ɵрт коопсуздугун сактоо боюнча:

Ø  План түзүлгөн;

Ø  Мектепте эвакуациалык план илинген

Ø   Ɵрт өчүрүүчү баллондор убагы менен толтурулуп турат;

Ø  Мектепте суу топтолуучу (водоём) жай бар.

Ø  Ɵрт коопсуздугунун инструкциялары мектеп жамаатына, 1-11-класска чейинки окуучуларга  өтүлөт. Окуучулар арасында “Жаш өрт өчүрүүчү” тобу түзүлүп,план боюнча ишмердүүлүгү жүргүзүлөт.

 

-Үч тараптуу келишим

Медициналык жана социалдык мониторинг, отчеттор, корутундулар

Эвакуациянын планы

3.3Педагогикалык кадрларды үзгүлтүксүз кесиптик өнүктүрүү, алардын квалификациясын жогорулатуу мотивациялоо системасынын болушу    Мектепте эксперттик кенеш түзүлгөн , персоналдын ишин баалоо боюнча критерийлердин негизинде баалоо упайы коюлат, ар бир квартал сайын КТУда каралып , бааланат.

   Андан сырткары профсоюз тарабынан сыйлык, грамоталарга көргөзүлот ал пед. кенеште жана профсоюз чогулушунда каралат.

    Айрым учурда эмгек китепчелерге сыйлоо буйругу жазылат.

Ар бир окуу жылынын башталышында Райондук Билим берүү бѳлүмүнѳ  мектептин,квалификациясын жогорулатууга муктаж мугалимдеринин тизмеси бекитилип берилет. Областтык билим берүү институтунун квалификацияны жогорулатуу семинарларынын графигине киргизилип, мугалимдер квалификациясын жогорулатып келишет.

Мындан  сырткары,аралыктан,(онлайн)курстарга да катышып,өз билимдерин жогорулатышууда.Акыркы 3 жылда мугалимдердин

Өз билимин жогорлатуу курсунан өтүп келүүнүн пайызы

2019-2020-окуу жылында-17%,2020-2021-окуу жылында 21%,

2021-2022-окуу жылында -22%

   Мектеп ичиндеги текшерүү (МИТ) ,Жаш мугалимдер мектеби,4 усулдук бирикме   түзүлүп иш алып барышат.

Жаш мугалимдерге насаатчы болуп бекитилген мугалимдер көмөк көрсөтүшөт

Бул түзүмдөр өздөрүнүн  иш пландары аркылуу максаттарын ишке ашырат.

 

 

КТУ боюнча жобо

Эмгек китепчелери

-Эксперттик комиссиянын токтомдору

Директордун буйруктары.

Дипломдор

УБ пландары

 —Насаатчынын иш планы

МИТ тин планы

Ɵз билимин өркүндөтүүнүн перспективалык планы

Күчтүү жагы:

-Педагогикалык кадрлардын үзгүлтүксүз өз билимин өркүндөтүү үчүн квалификацияны жогорулатууга баруусу.

 -Мугалимдердин өз билимин өркүндөтүүнүн үстүндө тынымсыз иштөөсү.

-Семинарлаларга катышуу менен  ар кандай методдор менен сабак берүү

-КТУ нун негизинде стимул берүү

-Физикалык жана психологиялык коопсуз чөйрөнү түзүүдө педагогикалык жана кенже персоналдардын ,ата энелердин ,жергиликтүү бийликтин, медицина кызматкерлеринин кызыкдар болушу.

-Физикалык коопсуздук боюнча . Мектепте балдардын окуусуна бардык шарттар түзүлгон. Класс жарыктандырылган , таза, желдетилип турат. Атайын форточкалар бар.

Алсыз жагы:

-Айрым учурда акча каражатынын жетишсиздиги

-Айрым педагогдордун МТК рын өз денгээлинде өздөштүрбөгөндүгү.

3.      МАТЕРИАЛДЫК ТЕХНИКАЛЫК БАЗА
4.1Билим берүү процессинин катышуучуларына, анын ичинде ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жеткиликтүү болгон окуу имараттарынын жана материалдык ресурстардын

(жабдылган окуу класстары, лабораториялар, компьютердик класстар, спорт залдын болушу)

  1.Мектепте окуучуларды шыктандыруу жана окуунун натыйжасына жетишүүсүнѳ түрткү,жардам берүү үчүн: 

1.      10 класстык бөлмө

2.      1 компьютердик класс.

3.      1 спорттук зал.

4.      1 ашкана.

5.      1 китепкана

6.      1 спорттук аянтча.

7.      1 электр от жагуучу жай

8.      1 кабинетте интернет чубалгысы бар

  Мектептин ашканасы талапка ылайык жабдылган.

Учурда мектеп талапка жооп берет. Кышкысын жылуу,  жарык балдар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Материалдык базаны чындоонун үстүндө аракет кылуудабыз. 

Мектептин тех.паспорту

  —суроттору.

4.2Билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугун талаптарын сактоо (экологиялык,санитардык эпидемиологиялык гигиеналык эрежелер жана ченемдер, өрткө каршы коопсуздук, эмгекти коргоо жана техникасынын эрежелери)   Мектепте  2006-жылдан баштап 1-4-класстын окуучулары үчүн ысык тамак берилип келе жатат. Мектептин ашканасы талапка ылайык жабдылган. Жыл сайын инвентардык-материалдык баалуулуктарга текшерүү жүргүзүлѳт.

  Ѳрт коопсуздугун сактоо боюнча атайын иштелип чыккан №1 педагогикалык кеңешмеде бекитилген баштапкы профсоюз уюму менен макулдашылган көрсөтмөнүн негизинде иш алып барылат.

  Эмгекти коргоо боюнча докладдар окулат.Окуу семинарлары уюштурулуп,инструктаж өткөрүлөт.Класстык бөлмөлөрдө,залдарда коопсуздук эрежелеринин көрсөтмөлөрү илинген. Окуучуларга тааныштырылып кол койдурулган документтер бар. Ɵрт өчүрүүчү каражаттар жетиштүү: 7 даана орт очуруучу баллон,1-щит бар.

   .Ар жума сайын мектептин ичи,сыртына дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт.Мындан сырткары ар бир класста күн сайын 2 маалдан нымдуу тазалоолор жүргүзүлүп,санитардык абал талапка ылайык  өз деңгээлинде сакталып турат.

   Жугуштуу оорулар боюнча сан.нормаларды сактоо боюнча пландын негизинде тарбиялык сааттар өткөрүлүп турат.

 Мектептин айлана чѳйрѳсү жашылдандырылган , жыл сайын толукталып турат.

 

СЭС тин актысы

Өрт коопсуздугу жөнүндө жобо

Өрт коопсуздугу боюнча акт

Окуучулардын тамак-ашын уюштуруу жөнүңдө жобо

4.3Материалдык –техникалык базаны жана маалыматтык ресурстарды жакшыртуу боюнча ишти топтоо, баалоо, талдоо жана пландоо механизминин болушу. Компьютердик-технологиялык жабдуулардын жакшырып жаткандыгы.

   Мектептин жылдык планында  материалдык –техникалык базаны жакшыртуу боюнча  стратегиялык план түзүлгөн..

     

МТБны жакшыртуу планы

Мектептин МТБ боюнча маалыматы

 

 

Күчтүү жактары:-Финансы маселелери жылдан жылга толукталып мугалимдердин айлык акыларынын көтөрүлүшү персоналдар үчүн стимул.            

 -Мамлекеттен , кошумча ресурстарды тартуу менен материалдык- техникалык базанын жаныланышы биилим сапатынын жогорулашына таасир берет.                                                                       -Маалымат ресурсун , интернеттин кеңири колдонулушу.        

   — Финансы  ресурстарын талдоо, жакшыртуу боюнча иштердин алып барылышы..                           

 Билим берүүгө кызыкдар тараптан нааразычылыктардын жок болушу.                                           Профсоюздун алгылыктуу иштеши. Жылдан жылга окуу шарттарынын жакшыруусу. Ата-энелердин балдарды окутууда кызыкдар болушу.

Алсыз жактары:-Кенже персоналдардын айлык акысынын аздыгы.

-Ремонтко болүнгөн акчалардын тендер менен чектелиши.

-Жылдан жылга мебелдердин эскириши, жаны мебелдердин кымбат болушу.

-Ремонт иштерине бюджеттен аз акча болүнүүсү. Жылдан жылга Ремонтко керектүү каражаттардын кымбат болушу.

-Окуу талабынын жогору болушу.

 

-Окуу куралдарына акча каражаттарынын жетишсиздиги.

-Айыл тургундарынын көпчүлүк бөлүгү жарды жашап, аярлуу калктын көпчүлугү, айыл  жеринде жумушсуздук күч алган. Ата-энелер дыйканчылык менен гана алектенишет, ал продукция да өзүн-өзү актабай тургандыгы.

-Миграциянын күчөшү.

-Мед.персоналдын жоктугу

Жыйынтык:

Программалык аккредитациялоо жүргүзүү үчүн ѳзүн-ѳзү баалоо комиссиясы жогорку документтерди сунуш кылат:

Комиссиянын тѳрайымы:  Кубатова Н.М  

Мүчѳлѳрү:

Окуу бѳлүмүнүн башчысы:  Айдекеева А.Б    

Тарбия завучу: Алибаев У.К 

Соц.педагог: Алибаев У.К  

Математика УБ жетекчиси: Джунуева Г.Т 

Орус тили УБ жетекчиси:    Кудайбергенова М.М.

Кыргыз тили УБ жетекчиси:  Доскулиева Н.Ж.  

Тарых,география УБ жетекчиси: Камыева С.

Эмгек УБ жетекчиси:  Байжуманова К.Е

Башталгыч кл.УБ жетекчиси: Исмаилова С.Ж.

Информатика мугалими:  Осмоналиев Т.Э.